ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. И. н. т-на инфракызыл нурду аныктоочу ж-а өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытыл­ган нерсенин темп-расын алыстан өлчөөчү, жа­шырын сигнал берүүчү, жер бетинде ж-а космос­то байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын ин­фракызыл нур чыгаруусу б-ча аныктоочу при­борлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду ка­был алгыч ж-а анын булагы, инфра-кызыл нур­ду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. И. н. т. радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө ж-а түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын ж-а планеталар­дын атм-сын изилдөөдө, Жердин жылуулук ба­лансын өлчөөдө, ө. ж-да – жыгач, лак-сыр кап­талган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук ло­кациясында, башкарылуучу снаряддарды бута­га өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.