ИНТРОЕКЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
ИНТРОЕ́КЦИЯ (лат. intro – ички ж-а jacio – таштоо, коюу) – 1) тааным теориясында кабылдоочу объекттердин турпатын индивиддин аңсезимине киргизе берүүнүн жарабастыгы ж-дөгү түшүнүк. Швейцариялык түшүнүк Р. Авенариус тарабынан колдонулган; 2) (психологияда) индивиддин башка адамдардын көз караштарын, умтулууларын, шылтоолорун, жоболорун аңдабастан, сын көз м-н карабастан, өзүнүн ички дүйнөсүнө кабыл ала бериши. И. инсандын коргонуу, сактануу ж-а актануу механизми катары каралат. Балалыкта өтүп жаткан И-да атаэненин көз караштары баланын өз айыбын ж-а жоопкерчилигин, парзын, уяттуулукту сезүүсүнүн ж. б. жактарынын калыптанышында маанилүү ролду ойнойт.