ИНТРОВЕРСИЯ ЖАНА ЭСТРАВЕРСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНТРОВЕРСИЯ ЖАНА ЭСТРАВЕРСИЯ(лат. intro – ичкери, extra – сырткары, versio – айла­нуу, кайрылуу) – инсандын түнт же ачык-айрым, пассивдүү же активдүү сыяктуу психол. тибин


мүнөздөө үчүн колдонулуучу түшүнүктөр. Бул тер­миндер К. Г. Юнг тарабынан киргизилген. Ал «Психологиялык типтер» аттуу эмгегинде (1921, орусча котормосу 1995) карама-каршы типтеги эки инсандын мүнөзүн сүрөттөп жазган.