ИНТОНАЦИЯ
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
ИНТОНА́ЦИЯ (лат. intonatio – сүйлөө, көтөрүңкү сүйлөө) – тилдик татаал кубулуштурдын бири, б. а. морфол. ж-а синтаксистик каражаттар м-н бирге колдонулган түрдүү фонет. бирдиктер. И-нын фонет. бирдиктери: обондуулук, ыргактуулук, кубаттуулук, ыкчамдык, тембр ж-а басым. Граммат. милдети б-ча жалпысынан суроолуу, илептүү ж-а жай И. болуп бири-биринен айырмаланат. «И.» ушул күнгө чейин толук изилдене элек. Бирок «И.» оозеки речтин (сөздүн) анык белгиси ж-а мүнөздөмөсү. Ансыз оозеки сөздүн айтылышы мүмкүн эмес. Анткени «И.» айтылуучу ойду ар түрдүү ички сезим м-н толук ж-а кылдат билдирүүдө өзгөчө роль ойнойт.