ИНТОНАЦИЯ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТОНА́ЦИЯ м у з ы к а д а – 1) өз ара байла­ныштуу бир нече мааниге ээ муз. теор. ж-а эсте­тикалык түшүнүк. Кеңири мааниде – муз. үн катарларынын бийиктете уюштурулушу. Муз. И. речтик белгилөөдөн үндөрдүн бийиктиги ж-а алардын лад системасына багынгандыгы м-н айырмаланат. И. деп кээде экспрессиялуулук, синтаксистик, мүнөздөмөлөөчү, жанрдык мами­лелер м-н шартталган муз. ой айтуу манерасын түшүнөбүз. Муз. И. ж-дөгү окуу антикалык мез­гилде башталып, о. кылым ж-а Кайра жаралуу доорунда, андан кийинки мезгилдерде да улан­тылган; 2) муз. тондордун бийиктигин ж-а алар­дын айкалышын акустикалык тактыкта кайра уктуруу ченеми; 3) белгиленген үн бийиктиги бар муз. аспаптарды жасоодо ж-а толгоодо алар­дын ар бир үнүнүн бийиктиги, катуулугу ж-а тембри б-ча тегиз ж-а так угулушу.