ИНТЕРЬЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРЬЕ́Р (фр. interieur – ички) – 1) а р х и­т е к т у р а д а имараттын (турак ж-а коомдук жай ж. б.) же үйдүн (далис, бөлмө, зал д. у. с.) ичи. И-дин арх-ралык композициясы м-н жа­салгасы көркөм айкалышып, адамга эстетика­лык ыракат берүүгө тийиш. Азыркы мезгилдин талабына ылайык архитекторлор м-н сүрөтчү­лөрдүн алдына жаңы милдеттер коюлуп жатат. Аларды туура чечүү адамдарды ыңгайлуу, эсте­тикалык муктаждыктарын канааттандыра тур­ган турак жай м-н камсыз кылууга мүмкүндүк берет; 2) живописте И. жанры 17-к-да Голлан­дия (П. Санредам, де Витте ж. б.) м-н Фламанд­да мыкты өнүккөн. Россияда 19-к-да пайда бол­гон (А. Г. Венецианов ж-а анын жолун жолдо­гон сүрөтчүлөр). И-дин үй тиричилик ж-а тары­хый сюжеттер б-ча сүрөт тартууда мааниси чоң.


Ад.: Соловьев Н. К. История современного интерьера. М., 2004; Мак-Коркодей Ч. Убранство жилого интерьера. М., 2006.