ИНТЕРПРЕТАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРПРЕТА́ТОР – ар бир операторду ирети м-н удаалаш которгуч, б. а. И. оператордун ко­дун окуп, аны бир нече машина буйругуна ко­торуучу ж-а кийинки буйрукка өтүүдөн мурда которулган машина буйруктарын аткаруучу про­грамма. Компилер программасы болсо програм­маны толугу м-н бир учурда которот. Интер­претаторлоо процессинде объекттүү модуль (про­грамма) түзүлбөйт. И-дун артыкчылыгы – ката табылар замат кабарлайт ж-а кийинки оператор­го өтүүдөн мурда катаны оңдоого программачы­га мүмкүндүк берет. И-дун ыңгайсыздыгы, анын которгон программасы компилер түзгөн програм­мага караганда жай аткарылат, себеби аткаруу­дан мурда программа машина тилине котору­лат. Көпчүлүк программа тилинин которгучта­ры И-ду да, компилерди да камтыйт.