ИНТЕРНЕТ
ИНТЕРНЕ́Т (интер... ж-а англ. net – желе) – компьютерлердин глобалдык тармагы. Ал компьютердик желелерди колдонуучуларды,
о. эле, жеке компьютер пайдалануучуларды өз ара байланыштыргандыктан, маалымат ж-а кабар алуу, кабар жиберүү, буюм ж-а кызмат табуу ж. б. үчүн колдонулат. И. дүйнө б-ча бир нече миллион компьютерди бириктирет. Ал ВВS (Bulletin Board System – кулактандыруу тактасы), б. а. башка компьютер м-н байланыштыруучу атайын программаны аткарган компьютер сыяктуу аракет кылат. Компьютерлер системасы м-н байланышуу үчүн адегенде ага кирүү, б. а. провайдер м-н байланыш түзүү керек. Байланышуучу кардар өзү ж-дө билдиргенден кийин гана байланыш түзүлөт ж-а система өз кызматынан пайдаланууга уруксат берет. Системага кирүү үчүн телефон номери, жашырын аты ж-а өздүк эсеби талап кылынат. И. түйүнүнө кирүү тартиби: Off-Iine – электрондук почта кызматы, файл серверинен файл жөнөтүү. On- Iine тартибинде маалымат ресурсуна кирүү үчүн бир нече система иштелип чыккан: WAIS (Wide Area Information Server – глобалдык маалымат сервери), WWW (World Wide Web – бүткүл дүйнөлүк желе), Hypex-G, FTR (File Transfer Protocol – файл жөнөтүү токтому) ж. б. Байланыш программалары туташтыруу ыкмасына (туруктуу, түздөн-түз терим, терминалдык терим ж-а электрондук почта аркылуу) жараша түрдүүчө болот. И-тин керектөөчүсү «Бүткүл дүйнөлүк желени» WWW пайдаланып, гипертексттик документ алмашуу, файл берүү, электрондук почта алмашуу ж. б. иштерди жүзөгө ашырат. И. илимдин түрдүү тармагы б-ча маалымат казынасы болуп эсептелет.
Ад.: Семенов Ю. А. Сети интернет: Архитектура и протоколы. М., 1998.