ИНТЕРНАЛИЗМ
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
ИНТЕРНАЛИ́ЗМ (лат. internus – ички) – социологияда, педагогикада ж-а культурологияда индивид же адамдар тобу тарабынан коомдук баалуулуктарды, нормаларды, жоболорду, стереотиптерди өздөштүрүү процессин белгилөө үчүн пайдаланылган түшүнүк. Индивидге же адамдар тобунан сырткары жашаган нормалар ж-а эрежелер интернализациялоонун жардамы аркасында жүрүм-турумдун ички жөнгө салгычтарына (регуляторлоруна) айланышат. Интернализациялоонун механизмдери өтө татаал ж-а азырынча алар толук тастыктала элек. Ошондой болсо да аталган механизмдерди ил. изилдөөгө тартуу аркылуу тарбия иштерин бир кыйла оптималдаштырууга болот.