«ИНТЕРГЛАСС»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«ИНТЕРГЛА́СС» – жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Кыргыз ССРинин Ө. ж.-курулуш материалдары министрлигинин токтому м-н 1966-ж. Токмок ш-нда айнек з-дунун курулушу башталган. З-д Ленинграддагы «Гипростекло» ин-тунун долбоору б-ча курулган. 1972-ж. з-ддун цехтери ишке киргизилип, алгачкы такта ай­нек чыгарылган. 1995-ж. з-д «Айнек» МАК деп аталган. 1999-ж. ал расмий түрдө кудуретсиз деп табылып, «Steinert lndustries» немис компания­сы сатып алган. Ишкананын аймагында 15 өн­дүрүштүк корпус иштейт. 2000–02-ж. ишкана жаңы техникалар м-н жабдылып, негизги фон­дулары жаңыртылган, натыйжада жогорку көр­сөткүчтөргө жетишүүгө ж-а дүйнөлүк стандарт­тагы сапаттуу продукция чыгарууга өбөлгө тү­зүлдү. З-ддон ө. ж. ишканалары, курулуш объек­ттери үчүн терезе, витрина айнектери, күзгүлөр, о. эле идиштер, жасалга-көркөм буюмдар ж. б. чыгарылат. Ишканада 1500 мыкты адис эмгек­тенет (2008). Кырг-ндан тышкары Борб. Азия өлкөлөрүн ж-а Сибирдин шаарларын такта, айнек м-н камсыз кылат.