ИНТЕРГЕЛЬПО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕРГЕ́ЛЬПО (лат. inter – өз ара, эл аралык; чехче гельпо – жардам) – 1925–41-ж. Кырг-нда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь рев-ясынан кийин Европанын ө. ж-луу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш­чуларына тилектештигин билдирип, материал­дык ж-а моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че­хословакиянын Жилин ш-ндагы коммунист­жумушчулардын демилгеси м-н Жети-Сууда со­вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган И. кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-ж.). Совет бийлиги м-н сүй­лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор­борунан ижарага жер алууга жетишип, И-нун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-ж. 24-ап-

релде Пишпекке келген. 1925–32-ж. Чехослова­киядан Кырг-нга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у И-нун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка­тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе ш-нда электр станциясын, а. ч. шаймандарын, кыш­черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. ө. ж. үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. О. эле алардын жар­дамы м-н Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер з-ду курулган. Кыргыз эли м-н чех ж-а словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-ж. май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, И-нун мүчөлөрү өздөрүнө тие­шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле­кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук­цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын­да М. Фрунзе атн. а. ч. машиналарын чыгаруу з-ду, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы­гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык­кан. Интергельпочулар Кырг-ндын экон.-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.


Ад.: Мужиков И. П., Каниметов А. К., Маречек Р. П. История чехословацкого кооператива «Интергельпо». Ф., 1957;

Б. Сатаров.