ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИНИН НАРКЫН БААЛОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИНИН НАРКЫН БААЛОО эл аралык стандарт­ка, классикалык үч ыкмага негизденет: Чыгымдык баалоо интеллектуалдык менчик объектисин жаратууГа, коргоого жана колдонуу­га байланышкан чыгымдардын бардык сумма­сын эсептөөгө негизденет. Чыгымдык баалоо ыкмасы көпчүлүк учурда келечектеги киреше­лерди алууга катышпаган жана азыркы учурда киреше бербеген материалдык эмес активдерди баалоо үчүн колдонулат.
Рыноктук баалоо ыкмасы же салыштырып сатуу ыкмасы б-ча материалдык эмec активди болжолдогон келишим б-ча баалоону ушул сыяк­туу келишим м-н салыштыруу караштырылат. Салыштырылуучу эки келишим келишимдин рентабелдүүлүгүнүн эсептеринде колдонулуучу негизги экон. параметрлери б-ча салышты­рылат. Демейде бул капиталдын жүгүрүмдүүлүгү ж-а ойлоп табууну же товардын белгисин пай­далануудан алынган таза киреше болуп сана-


лат. Бул ыкма ад-ттын, көркөм өнөрдүн жогор­ку чеберчилик м-н жаралган чыгармаларын са­туудан программалык продуктуларды көбөйтүп чыгарууда ж-а сатууда пайдаланылышы мүмкүн. Кирешелик баалоо азыркы учурда ушул ак­тивден келечекте киреше алууну күтүү м-н шарт­талган конкреттүү материалдык эмес активдин экон. баалуулугуна негизденет. Интеллектуал­дык менчиктин пайдалануудан алынуучу кире­шеcи аны сатуунун натыйжасында алынган жал­пы кирешенин өлчөмүндөгү үлүшүн бөлүп салуу жолу м-н аныкталат.