ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕЛЛИГЕ́НЦИЯ (лат. intelligens – түшүнгөн, ой жүгүрткөн, акыл-эстүү) – элдин акыл эмге­ги, көбүнчө татаал чыг-лык эмгек м-н кесип­тенген, мад-тты өнүктүргөн ж-а жайылткан коомдук катмары. И. төмөнкүдөй маанилүү эки сапатка ээ: кең мааниде – адамзатка мүнөздүү болгон рухий дөөлөттү түзүү, акыл жөндөмдүү­лүгү; тар мааниде – оор кырдаалдарда тез че­чим кабыл алууга ж-а түзүлгөн кырдаалдан жол таба билүүгө жөндөмдүүлүк, акыл эмгегине кы­зыгуу, тез ж-а туура ой жүгүртө билүү. «И.» тер­мини алгачкы жолу 19-к-да орус жазуучусу П. Д. Бобрыкин тарабынан илимге киргизил­ген. И. антикалык доордо акыл ж-а күч эмгек­теринин бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда бо­луп, о. кылымдар ж-а Кайра жаралуу мезгилин­де калыптанган. Кесиптик структурасы б-ча И. ил.-тех., башкаруучулук, аскердик, укуктук ж-а сот органдарынын кызматкерлери болуп бөлүнүшсө, мад-т, ММК кызматкерлери И-нын чоң отрядын түзүшөт. Дин кызматкерлери идеол. ж-а адеп-ахлактык функцияларды ат­карышат. И. – идеологиянын башкы жаратуу­чусу, саясий партияларды түзүүнүн демилгечи­си ж-а коомдук кыймылдардын башкаруучу­су. И-нын андан аркы өнүгүшү индустриялык ж-а индустриялыктан кийинки коомдорго туу­ра келет.