ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК – ачылышка‚ ойлоп чыгарууга‚ илим‚ ад-т‚ иск-во чыгарма­ларына ж. б. интеллектуалдык чыг-лык эмгек­тин үзүрүнө ээлик. Эл аралык практикада кара ниет атаандаштыкка каршы коргоого алынуу­чу адабий‚ көркөм‚ ил., маектештик чыгарма­ларга‚ өнөрпоздордун аткаруучулук ишмердиги­не‚ үн жазууга‚ радио берүүлөргө ж-а теле­көрсөтүүлөргө‚ адам ишмердигинин бардык чөйрөсүндөгү ойлоп табууларга‚ ил. ачылыштар­га‚ ө. ж. үлгүлөрүнө‚ товардык белгилерге‚ тей­лөө белгилерине‚ фирмалык аталыштарга‚ о. эле өндүрүштүк‚ ил. адабий ж-а көркөм чөйрөдөгү жеке ишмердикке кирүүчү укуктар И. м. деп тү­шүнүлөт. И. м. автордук укук, ө. ж-лык мен­чик, ил. менчик деп бөлүнөт. И. м. б-ча эл ара­лык мүнөздөгү бир катар укуктук актылар бар: ө. ж. менчигин коргоо Париж Конвенциясы (1883), Адабий ж-а көркөм чыгармаларды кор­гоо б-ча Берн конвенциясы (1886)‚ Автордук укук б-ча бүткүл дүйнөлүк Конвенция (1952) ж. б. Бул конвенциялар көп жолу өзгөртүлгөн ж-а азыр жаңы редакцияда колдонулат. Андан тышка­ры И. м. б-ча азыркы учурда 20дан ашуун ма­кулдашуу бар. 1967-ж. Cтокгольмдо Бүткүл дүй­нөлүк интеллектуалдык менчик уюмун (БИМУ) түзүү тууралуу конвенцияга кол коюлуп‚ ал 1970-ж. күчүнө кирген. Кырг-н ага мүчө. И. м-ке укук экон.‚ социалдык ж-а маданий укук ж-дө­гү 3-Эл аралык пактта бекемделген. Кырг-нда И. м. укугунун сакталышын КРдин мамл. па­тент кызматы көзөмөлдөйт. Рынок мамилеле­рине өтүү м-н И. м. жаатындагы өз мыйзамда­рын эл аралык укук актыларына ылайыкташ­тыруу м-н КРде «Автордук укук жөнүндө» (1998)‚ «Кыргыз Республикасынын патент мыйзамы» (1998) «Товардык тейлөө белгилери жөнүндө» (1998) ж. б. мыйзамдар кабыл алынды.


Ад.: Дозорцев В. А. Интеллектуальные права; по­нятие, система, задачи кодификации. М., 2005.