ИНТЕГРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕГРА́ЦИЯ с а я с и й– кандайдыр бир бөлүктү ж-а элементтерди бир бүтүнгө бирик­тирүү; коомдук, мамл. структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк мамлекет­тер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекет­тер аралык И. улуттук саясий органдардын эге­мендик укуктарынын бөлүктөрү берилген бий­ликтин жаңы ин-ттарын түзүү жолу м-н ишке ашырылат. И. элдер м-н мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык про­гресс м-н тездетилген бардык коомдук турмуш­ту интернационалдаштыруунун негизинде өнү­гөт. И-нын катышуучулары – бийликти ишке ашыруу ж-а коомдук башкаруу м-н байланыш­кан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор. Аларга атайын түзүлгөн трансулуттук ин-ттар сыяктуу эле, улуттук-мамл. ин-ттар (өл­көлөрдүн мамл. механизмдеринин бөлүгү, пар­тиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу ж. б.) да кирет. Саясий ишмердүүлүктүн субъекттери­нин И-сынан башка, чарбалык-саясий, социал­дык-саясий, адм.-саясий, аскердик-саясий ж-а тышкы саясий ишмердүүлүктүн чөйрөлөрүндө алар иш жүзүнө ашырган саясий функция­лардын кошулушу жүргүзүлөт. И. процесси 20- к-дын 50-жылдарында түзүлгөн европ. коомчу­луктардын (ЕОУС, ЕЭС ж-а Евратом) базасында Батыш Европада алдыга жылган. Коомчулук­тардын катышуучулары – өлкөлөрдүн экономи­касын активдүү трансулутташтыруу алардын башкаруу механизмдеринин өзгөчөлүктөрүнө алып келет, коомдук мамилелердин мүнөзүнө ж-а структурасына, коомдук идеологияга, калк­тын жашоосуна таасир тийгизет.