ИНТЕГРАЦИЯ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНТЕГРА́ЦИЯ (лат. integratio –калыбына кел­тирүү, толтуруу; integer – бүтүн) – этнология илиминде этносторду бириктирүү процессинде­ги көрүнүштөрдүн бири. Бир мамлекетте же ири аймакта чогуу жашап, тили, мад-ты, үрп-ада­ты, салттары бири бирине окшобогон элдердин ортосунда жалпы элементтердин пайда болуу процесси. Бул процесс жаңы этностук топтун пайда болушуна алып келбестен, эки же андан көп этностордун ортосунда тилдик окшоштук­тарга, маданий системалардын жалпылыгына алып келет. Дүйнө элдеринин тарыхый, этно­маданий өнүгүүсүндө И. Процесси прогрессивдүү ролду ойноп келген. 19-к-дын 2-жарымынан О. Азиянын отурукташкан элдеринин ж-а кел­гиндердин таасиринин натыйжасында кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричилиги кескин өз­гөрө баштап, 20-к-да Кырг-нда ар кандай мад-ттар м-н жалпылык белгилери пайда бол­гон. Коммунисттик идеологияга ылайык жал-пы совет суперэтносун түзүү максатында Сов.
Союзунда жашаган бардык элдердин улуттук, жерг. өзгөчөлүктөрүн, тилин дагы жоюп, орус тилинин ж-а мад-тынын негизинде жаңы совет элин түзүү болуп эсептелген. Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында И-нын айрым терс көрүнүштөрүнүн бири– «маңкуртчу­лук» идеясы чагылдырылган. А. Көчкүнов.