ИНСЦЕНИРОВКА
Jump to navigation
Jump to search
ИНСЦЕНИРО́ВКА – 1) драма түрүндө жазылбаган адабий чыгарманын сахна үчүн кайрадан иштелген варианты. И-лоону Россияда биринчи жолу А. Шаховский баштаган (В. Скоттун ж-а А. Пушкиндин чыгармаларына). 19-к-дын 2-жарымына мүнөздүү романдан өзү каалагандай «пьеса бычып алууну» В. Немирович-Данченко четке кагып, МХТнин сахнасына оюнду роман формасында алып чыгууну көздөгөн. 20- к-дын орто ченинде даректүү прозаны И-лоо кеңири тараган. Кыргыз жазуучуларынан айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармалары көп И-ланган. И-лоого айрыкча радио уктурууда ж-а телекөрсөтүүдө көп көңүл бурулат.