ИНСУЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНСУ́ЛЬТ (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан бол­гон катуу кармоочу оору. И. мээге кан куюлуу­дан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калы­шынан (тромбоз) болот. И-тун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. О. эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларын­да ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуу­чу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп оорулар­да капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мис., гипер­тония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тар­тып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюл­ган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүк­төрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык И. көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысы­нан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык И. сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. И-ту неврол. ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулуу­ну дарылоо ж-а багуу, о. эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начар­лашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык И-тун өрчүшүнө түрткү берет. И-тан кийин бузулган функциялар (кый­мыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып кел­генден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөк­кан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жак­шыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. О. эле мээге кан куюлса же кан та­мырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн опера­ция жасалат. И-тун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нерв­психикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан та­мырдын жалпы ооруларын өз убагында дары­лоо зарыл.