ИНСТИТУТ
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
ИНСТИТУ́Т (лат. institutum – белгилөө, түзүү) – 1) коомдун белгилүү чөйрөсүн камтыган укук нормаларынын (мис., нике ж-а үй-бүлө инту ж. б.) жыйындысы; 2) ЖОЖдордyн кеңири тараган аталышы; 3) ил.-из. мекемелеринин ж-а долбоорлоо уюмдарынын аталышы; 4) адистикти жогорулатуудагы окуу-методикалык мекеме (мис., медицина кызматкерлеринин борборлору, мугалимдердин ж. б. билимин өркүндөтүү ин-ттары).