ИНСОЛЯЦИЯ
ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бирдигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) м-н туюнтулат. И. Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, деңиз деңгээлинин бийиктигине, атм-нын тазалыгына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошондуктан ал жыл мезгилине, атм-нын абалына ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. И. жер бетинин ж-а атм-нын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атм. циркуляциясы, суунун жер бетинде айланышы, б. а. жердин климат шарттары ж-а өсүмдүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофиз., биохим. процесстери И-га тыгыз байланышкан. И. актинометр м-н өлчөнөт. И. шарттарын изилдөө а. ч-нда, күн нуру м-н дарыланууда, арх. долбоорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.