ИНСБУРК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

И́НСБУРК – Австриянын түн.-батышындагы шаар. Тироль жеринин (адм.-аймктык бирдик) адм. борбору. Альп тоолорундагы Бреннер ашуу­суна жакын, Инн д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 111,7 миң (2007); шаар айланасы м-н 250 миң; калкынын саны б-ча өлкөдөгү 5-шаар. Ири жол тоому. Австриянын батыш «көпүрөсү». Ав­тобандар ж-а т. ж. магистралдары аркылуу Мюнхен, Цюрих, Вена (Зальцбург – Линц ар­кылуу), Венеция (Больцано – Тренто) м-н бай­ланышат. Эл аралык аэропорту бар. 1234-жыл­дан белгилүү. Текстиль, электр-тех., хим.-фар­мацевтика, металл иштетүү, тамак-аш ө. ж. иш­каналары иштейт. Көркөм промысели (мозаи­ка, айнек, металл буюмдар), кол өнөрчүлүк (бе­лек буюм) өнүккөн. Туризмдин ж-а спорттун кышкы түрлөрүнүн борбору. 1964-ж. IX, 1976-ж. XII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Ун-т (1669), музейлер [Тироль край таануу «Фердинандеум» музейи, эл чыгармачылыгы] бар. Габсбургдар­дын Хофбург ак сарайы (14–18-к.), Хофкирхе чиркөөсү (1553–63), Ыйык Анна колоннасы (1706), Ландхауз (1725–28) монастыры ж. б. сак­талган. Европа музыка мад-тынын борборло­рунун бири. Жыл сайын музыка фестивалда­ры, П. Хофхаймер атн. органчылардын эл ара­лык конкурсу өткөрүлүп турат.