ИНКЛИНАТОР
Jump to navigation
Jump to search
ИНКЛИНА́ТОР (лат. inclino – эңкейтем) – магниттик эңкейишти өлчөөчү курал. И-дун жебелүү ж-а индукциялуу эки түрү бар. Ж е б ел ү ү И. горизонт багытындагы ок темирге бекитилген, айланып туруучу магнит жебесинен турат. Мында магниттик эңкейиш ±2 тактыкка чейин аныкталат. Магниттик эңкейиш өтө жогорку тактыкта аныкталган и н д у к ц и ял у у И-дун иштеши Жердин магнит талаасынан айлануучу түрмөктө индукциялык токтун (ЭДС) пайда болушуна негизделген. Мында кошумча гальванометр да пайдаланылат. Феррозонддуу И. да бар.