ИНКВИЗИЦИЯ
ИНКВИЗИ́ЦИЯ (лат. inquisitio – тергөө, издөө) – католик чиркөөсүнө каршы динчилдердин ишин кароочу 13–19-к-дагы атайын чиркөө соту. Алар жамы журтту боштондукка чыгарууга аракеттенип, чиркөөгө каршы күрөшкөн атактуу адамдарды, ойчулдарды, илимпоздорду, жазуучуларды, дарыгерлерди (Ж. Бруно, Ж. Ванини) «ересь» деп күнөөлөшкөн. И. айрыкча Испанияда аябай өкүм сүргөн. Инквизитор Торквемада (15-к.) 18 жылдын ичинде 10220 кишини тирүүлөй өрттөгөн. Анын кыянатчылыгынан 114 миң үй-бүлө жабыр тарткан. И. кесилгендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип, аны байытуунун булагына айланган. 19-к-дан И-нын милдети конгрегацияга өтө баштайт. 1965-ж. биротоло диний конгрегацияга айланат да, төңкөрүшчүл күчкө каршы күрөшөт.
Ад.: Фокчиньский И. Инквизиция // Католическая энциклопедия. М., 2005. Т. 2 (библ.).