ИНКВИЗИЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНКВИЗИ́ЦИЯ (лат. inquisitio – тергөө, из­дөө) – католик чиркөөсүнө каршы динчилдер­дин ишин кароочу 13–19-к-дагы атайын чиркөө соту. Алар жамы журтту боштондукка чыгаруу­га аракеттенип, чиркөөгө каршы күрөшкөн атак­туу адамдарды, ойчулдарды, илимпоздорду, жазуучуларды, дарыгерлерди (Ж. Бруно, Ж. Ва­нини) «ересь» деп күнөөлөшкөн. И. айрыкча Ис­панияда аябай өкүм сүргөн. Инквизитор Торк­вемада (15-к.) 18 жылдын ичинде 10220 киши­ни тирүүлөй өрттөгөн. Анын кыянатчылыгы­нан 114 миң үй-бүлө жабыр тарткан. И. кесил­гендин мал-мүлкүн чиркөөгө өткөрүп берип, аны байытуунун булагына айланган. 19-к-дан И-нын милдети конгрегацияга өтө баштайт. 1965-ж. биротоло диний конгрегацияга айланат да, төң­көрүшчүл күчкө каршы күрөшөт.


Ад.: Фокчиньский И. Инквизиция // Католическая энциклопедия. М., 2005. Т. 2 (библ.).