ИНЖЕКТОР
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
ИНЖЕ́КТОР (лат. injicio, фр. injecteur – ыргытам) – газ ж-а бууну кысуучу, о. эле түрдүү аппаратка ж-а идишке суюктукту, газды кысып (сүрүп) киргизүүчү агымдуу насос. И. паровоз, локомобиль ж-а анча чоң эмес казан курулма-
Файл:ИНЖЕКТОР37.png
Инжектор. Иштөө схемасы: 1 – буу жүргүч; 2 – буу конусу; 3 – суу конусу; 4 – сыртка чыгаргыч түтүк; 5 – толтуруучу конус; 6 – түтүк; 7, 8 – клапандар; 9 – бак.
ларында буу казанына суу жиберүү үчүн колдонулат. И-дун иш-аракети буу агымынын кинетикалык энергиясын суунун потенциалдык энергиясына айландырууга негизделген. И-го кирүүчү суунун темп-расы 40°Сден ашпашы керек. И. тик же горизонталдык абалда жайгашат. И. туруктуу ж-а көчмө чакан курулмаларда орнотулат. Анын өндүрүмдүүлүгү төмөн ж-а жогорку темпрада иштебейт. Газды, бууну ж-а суюктукту соруп алууга ылайыкталган И. э ж е к т о р деп аталат.