ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөз­дөгөн социол. теория түшүнүгү. И. к. – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыпта­нып, 20-к-дын 50–60-жылдарында кеңири та­ралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) кон­цепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Си-


монго таандык. И. к-дун структураларынын та­рыхый калыптануусу модернизация концепция­ларында изилденет. И. к-до төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а ав­томатташтыруу, тех. жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүш­төр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдар­дын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлө­рүнүн пайда болушу, урбанизация, базар эконо­микасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укук­тук мамлекет м-н мүнөздөлгөн ө. ж. коомунун өнүгүшү ж. б. И. к. либералдуу коомдордо да, о. эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-к-дын аягында И. к-дон пост­индустриялык коомго өтүү башталды. И. к. соц. системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнө­лүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.