ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:29, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ – материалды индук­циялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаа­сына жайгаштырылып, ошонун негизинде ме­таллда индукциялык ток пайда болот. Ө. ж-да негизинен индукциялуу тигель ж-а индукция­луу канал мештери колдонулат. Т и г е л ь меши суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын ка­сиетине жараша карападан, ал эми айрым учур­да графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда бо­лот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эри­тилип, сыйымд. бир нече кгдан жүздөгөн т га чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергия­сы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магнит­тик энергияны жылуулук энергиясына айлан­дырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат.
Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куйма­лары, чоюн эритилет. Сыйымд. жүздөгөн кгдан бир нече т га чейин жетет. И. м-те продукт таза алынат, тез ысытылат, темп-раны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чы­гат, вакуумда ж-а газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат.