АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 22 Май (Бугу) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ – Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар). Калкы 22 615 (2014). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес Эскальдесте өлкөнүн калкынын 1/2 бөлүгү жашайт. Тамеки фабрикасы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, музыкалык академия, театр ж. б. бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. Шаар 9-кылымдын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11–12-кылымдар), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-кылым; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.