АНДАРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 22 Май (Бугу) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНДАРАК (тажикче – дарактуу жер) – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Сумбула айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Исфана шаарынан 11 км түштүк-батыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 56 км. 1870-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1640 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 8336 (2024); негизинен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, кафе, чайкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.