АНГРЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 22 Май (Бугу) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНГРЕН – Өзбекстандагы шаар. Ташкент облусунун аймагында. Ахангаран дарыясынын жана Ташкент – Кокон автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. 1946-жылы ачылган Ангрен көмүр бассейнинин негизинде отурукташкан кыштактардын биригишинен пайда болгон. Калкы 191,3 миң (2021). Күрөң көмүр казып алуунун борбору. Көмүр-каолин комплексы, химия-металлургия, азот жер семирткичтери, резина техникалык буюмдарын өндүрүүчү заводдору, курулуш материалдар өнөр жай өндүрүшү, 2 ГРЭС, педагогикалык институт, тарых-край таянуу музейи бар. Шаарга жакын алтын кенин казып алуучу рудник иштейт. Ангстрем – метрдин он млрддан бир үлүшүнө барабар болгон системадан тышкаркы узундук бирдиги. Е тамгасы менен белгиленет. 1 Е =10−10 ж=0,1 нм. Швед физиги Ангстремдин урматына аталган. Ангрен физика жана химияда кенен колдонулуучу чоңдук.