АМИТИН-ШАПИРО
АМИТИН-ШАПИРО Залман Львович (1899, Сосница кыштагы, Чернигов губерниясы, Россия империясы – 1968, Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи) – чыгыш таануучу, этнограф, кыргыз илимий библиографиясынын башкы адистеринин бири. 1916-жылы Москва шаарындагы А. Л. Шанявский атындагы Элдик университетти бүтүргөндөн кийин Смоленск шаарында мугалим болуп иштеп баштаган. 1917-жылдан Орто Азияга келип, алгач Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларынын мектептеринде балдарды окуткан. 1927-жылы Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүрүп, бир катар жогорку окуу жайларында сабак берген. 1937-жылы Кыргызстанга келип, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педогокалык институтта профессор болуп орношуп, кыргыз таануу илиминин үстүндө иштей баштаган. 1924-жылдан СССР географиялык коомунун анык мүчөлүгүнө кабыл алынып, ал коомдун филиалынын Кыргызстанда ачылышына (1947) жетекчилик кылган. 1938-жылы еврей калкын «колдоочу» (сионизм) жана «фашисттик-буржуазиялык көз карашты жактайт» деген жалган жалаа менен 8 жылга камалган. Орто Азияда жашаган түпкү жана майда этностордун тарыхы, маданияты, этнографиясы, библиографиясы жана булак таануу боюнча 80ден ашык илимий-публистикалык эмгек, анын ичинде 19 монографиянын автору болуп саналат. Кыргызстандын тарыхын, географиясын изилдөөдө көп иштерди жүргүзгөн, ошондой эле библиографиясын түзүүгө чоң салым кошкон.
Эмгектери: Очерк правового быта среднеазиатских евреев. Таш., 1931; К истории изучения дунган //Труды Института языка, литературы и истории Киргизского Филиала АН СССР. 1948. Вып. 3; Краткий библиографический указатель советской литературы по истории, археологии и этнографии Киргизии //Труды Киргизского государственного педагогического института им. М. В. Фрунзе. 1948. Т. 1. Вып. 2; К истории библиографического изучения киргизского народа и Киргизии //Труды Пржевальского учительского института. 1952. Вып. 1; «Туркестанские ведомости» как источник по истории Киргизии //Труды Института истории АН КиргССР. 1955. Вып. 1. (совместно с О. Д. Морозовым); Библиографический указатель советской литературы по археологии Киргизии (1918-1954 гг.) //Труды Института истории АН Киргизской ССР. 1956. Вып. 2; Библиография Киргизии. Т. 2, ч. 1: Литература о Киргизии (1925—1936). Аннотированный указатель. Фр., 1965; Библиография Киргизии. Т. 1: Литература о Киргизии (1918—1924). Аннотированный указатель. Фр., 1968.