АЛАНД АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛАНД АРАЛДАРЫ, А х в е н а н м а Балтика деӊизинде, Ботния булуӊуна кире бериште; Финляндиянын аймагы. Борбору - Мариехамн шаары. Аянты 1,5 миӊ км2дей. Калкы 30 344 (2022). 6,5 миӊ граниттүү аралдардан (бийиктиги 132 мге чейин) жана шхерлерден турат. Аралаш токой, бадал, шалбаа өсөт. Деӊиз климаттык курорттору бар. Балык кармалат, сүт багытындагы уй асыралат. 1921-жылдан демилитаризацияланган зона.