АГАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:08, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГАТ (французча аgate, латынча. achates ‒ Сицилия аталышындагы байыркы Ахатес дарыясынын атынан) ‒ минерал, халцедондун бир түрү. Катталышкан түрдүү түстөгү жука (10 мкмге чейин) жикчелерден тургандыктан, ар кандай өӊдө кубулжуп

АГАТ4.png

көрүнөт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 6,0‒6,5. Жикчелердеги түстөрдүн айкалышына жараша о н и к с (ак менен кара), к а р н е о л о н и к с (кызыл менен ак), с а р д о н и к с (кызгылт күрөӊ менен ак), а г а т (көгүлтүр боз менен ак) деп аталат. Жанар тоо тектеринин көӊдөйчөлөрү менен жаракаларында пайда болот. Кооздук жана асыл таш катары, ошондой эле техникалык аспаптарды даярдоодо колдонулат.