ААЛТО
12:42, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "thumb|Паймиодогу санаторий, '''ААЛТО''' (''Aalto'') Алвар (1898—1976) – фин архитектору. Улу...") тарабынан жасалган версия
ААЛТО (Aalto) Алвар (1898—1976) – фин архитектору. Улуттук салттарды функционализмдин жанa архитектуранын принциптери менен айкалыштырып долбоорлогон анын имараттары шаар менен жаратылыш чөйрөсүнө шайкеш келип (Паймиодогу санаторий, 1929—1933; Хельсинкидеги «Финляндия» двореци, 1971), өз алдынча стилдик бөтөнчөлүккө ээ.
