АТУХ-ПОНДУР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:55, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АТУХ-ПОНДУР –''' чечен-ингуш элдеринин үч кылдуу тартма музыкалык аспабы, грузин чианурисине ж...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТУХ-ПОНДУР – чечен-ингуш элдеринин үч кылдуу тартма музыкалык аспабы, грузин чианурисине жакын. Жалпак чөйчөк формасындагы оюк жыгач тулкусунун үстүнө булгаары чел керилип, түбүндө жана кабыкчасында эки тегерек тешиги бар. Жалпы узундугу 800–850 мм. Кылдары үчүн мурда чач колдонулса, азыр металлдан жасалат. Ойноп жатканда атух-пондур тигинен кармалып, ай түрүндөгү кичинекей кылдуу таякча менен үн чыгарылат. Атух-пондурду жакшыртуу аракети аспап жасоочу П. А. Шошин менен Москванын кыл таякчаларды чыгаруучу эксперименталдык заводу тарабынан жүргүзүлгөн. Бирок элдик аспаптардан алыс болгон бул конструкциялар кеңири тараган эмес.

Атух.jpg


.