АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович
АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович [16. 1. 1961-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Аксы району, Афлатун (Авлетим) айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2010). 1989-жылы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) тарых факультетин бүткөн. 1989–2002-жылдары ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, декандын орун басары, 2002–06-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билим берүү институтунда директордун орун басары, 2006–09-жылдары Социалдык-гуманитардык институтунда кафедра башчысы, 2009–16-жылдары Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүндө доцент, 2016-жылдан профессор, 2019-жылдан гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүнүн башчысы. 2010-жылдан адистештирилген диссертациялык кеңештин мүчөсү. Булак таануу жана тарыхнаама боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектердин, анын ичинде 3 илимий, 1 усулдук монографиянын автору. Үч томдук Кыргызстандын тарыхынын авторлорунун бири.