АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович
АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович (17. 09. 1956, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Арашан айылы – мамлекеттик саясий ишмер, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (СДПК) төрагасы (1994–2011, 2018–2019), Кыргыз Республикасынын Президенти (2011–2017), Кыргыз Республикасынын баатыры (2017). 1980-жылы Москва шаарындагы С. Орджоникидзе атындагы Башкаруу институтун (азыркы «Мамлекеттик Башкаруу университети») бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССРинин Байланыш министрлигинде инженер болуп иштеген. 1983-жылдан Кыргызстан жана СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчылыгына шайланган. 1983–1987-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунда редактор, улук референт, 1987–1989-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаардык 1-май аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1989–1997-жылдары «Форум» илимий-өндүрүш фирмасынын директору, 1995–2000-жылдары 1-чакырылыштагы Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2000-жылдагы Кыргыз Республикасынын президенттин шайлоодо өз кандидатурасын коюп, 6,2% добуш менен үчүнчү орунду алган. 1997–1999-жылдары «Кыргызавтомаш» акционердик коомунун башкы директору, 1999–2004-жылдары «Форум» өнөр жай бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы, 2004–2005-жылдары «Кыргызавтомаш» корпорациясынын директорлор кеңешин башкарган. 2005–2006-жылдары КР Өкмөтүнүн Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, Өнөр жай, соода жана туризм министри. 2007-жылы 30-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши берген сунуштун негизинде премьер-министрликке дайындалып, ошол эле жылы 28-ноябрда өз эрки менен ал кызматтан баш тарткан. 2009-жылы жалпы оппозициялык кыймылдын төрагалыгына шайланган жана ошол эле жылдагы президенттик шайлоодо анын атынан жалгыз талапкер болуп, 8,41% добуш менен К. Бакиевден кийин экинчи орунду ээлеген. 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын 1-орун басарылыгына дайындалып, ошол эле жылы 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын атынан Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен 17-декабрда Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине дайындалган. 2011-жылы 30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 62,52% добушуна ээ болуп, 2011-жылы 1-декабрдан Президенттик ишине киришкен. 2017-жылы Президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин 2018-жылдан кайрадан СДПК партиясын жетектеп, бирок Кыргыз Республикасынын мурунку президентинин саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзамга байланыштуу 2019-жылы ал кызматын таштап, партиядан чыккан. 2019-жылдын 13-июнунда Кыргызстандын экс-президенти А. Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүп, бир жумадан кийин текшерүүнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн. Анын негизинде 25-июнда А. Атамбаев Ысык-Көл облусундагы жер тилкелерин өзгөртүү, Бишкек Электр жылуулук борборун жана Тарых музейин реконструкциялоо Кой-Таш айылындагы турак-жайды менчикке чыгаруу сыяктуу ж.б. мыйзам бузуунун беш эпизодуна катыштыгы бар деген корутунду чыккан. 2019-жылы 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары А. Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кол тийбестиктен жана экс-президент деген статустан ажыратуу тууралуу көпчүлүк добуш (103 макул, алты каршы) менен макулдук беришкен. Анын негизинде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы А. Атамбаевге коюлган кылмыш иштерине күбө катары көрсөтмө берүү үчүн үч жолу чакыруу кагазын жиберген, бирок ал суракка келүүдөн баш тарткан. Натыйжада 2019-жылы 8-августта Чүй облусунун Кой-Таш айылынан күч колдонуу менен кармалаган. 2020-жылы 23-июндагы Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө ылайык А. Атамбаев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылы 6-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы Бишкек шаарындагы башталган массалык нааразылык учурунда талапташтары тарабынан камактан бошотулган. 10-октябрда борбор шаардагы массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен кайрадан камакка алынган. Бир нече жолку соттук териштүүлөрдөн кийин 2023-жылы 14-февралда Кыргызстандын Жогорку сотунун чечимине ылайык А. Атамбаев камактан бошотулган. Кыргыз Республикасынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, «Данакер» (2007), 2-даражадагы «Манас» (2011), Казак Республикасынын 1-даражадагы «Достык» (2014), Россия Федерациясынын А. Невский (2016) ордендери менен сыйланган. 2021-жылы орус тилинде «Волшебные сады детства» («Балалыктын сыйкырдуу бакчалары») деген аталыштагы китеби жарык көргөн.