АЙДАРКЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН, Х а й д а р к е н – Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар (2012‑жылдан). Ал Ай­даркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганы­на байланыштуу 1942‑жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл‑Кыя – Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 11,4 миң (2017). «Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй­ бүлөлүк борбор, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.