АБЛАБЕКОВ Бактыбай Сапарбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:33, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБЛАБЕКОВ Бактыбай Сапарбекович (1963-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Кайырма айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2012). СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУну бүтүргөн (1985). Кыргыз ИАда улук инженер, кичи илимий кызматкер; К.И. Скрябин атындагы КАЧИде улук окутуучу; КМУда доцент, кафедра башчынын милдетин аткаруучу; КММИде кафедра башчысы, факультеттин деканы; КУУда профессор. Анын 122 илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 3 окуу китеби бар.

Эмг.: Основные задачи для псевдопараболических уравнений: монография.– Б.: Илим, 2001. – 181 с.; Обратная задача определения правой части в нелинейном псевдопараболическом уравнении Бенджамина-Бона Махони-Бюргерса // Вестник КазНПУ. Сер. Физ.-мат. науки. –Алматы, 2013. -№2013. –№3 (43).