АЛЬТЕРАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬТЕРАЦИЯ (латынча alteratio - өзгөртөм) м у з ы к а д а – негизги добуш катарына кирген үн баскычтарынын аталышын өзгөртпөстөн алардын бийиктигин жогорулатуу же төмөндөтүү. Альтерация белгилери: # (диез) жарым тонго жогорулатуу, Ь (бемоль) жарым тонго төмөндөтүү, X (дубль-диез) бир тонго жогорулатуу, bb (дубльбемоль) бир тонго төмөндөтүүнү билдирет. Бул белгилерди жоюу үчүн бекар колдонулат.