АЛЬТАМИРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:56, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТАМИРА – жогорку палеолит дооруна (биздин заманга чейинки 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер шаарына жакын жерде жайгашкан. 1876–1879-жылдарда испан археологу ― Марселико Санс де Саутуолой ачкан жана изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк менен тартылган жана ташка чегилген бизондун, аттын жана башка айбанаттардын сүрөттөрү, ошондой эле таш куралдары табылган.

АЛЬТАМИРА – 26.png

Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөрдө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук маданияттан маалымат берет. Альтамира – бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинине киргизилген археологиялык эстеликтердин бири.