АЛЬТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТ (немисче alt, итал. alto, латынча altus – бийик) – 1) тенор менен сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (XII–XIV кылымдарда) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон), к. Контратенор. 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, ошондой эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия, к. Контральто. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун узундугу 38–48 см. XVI кылымдын башында пайда болгон. Симфониялык оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (Альт, же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) жана башкалар тобундагы альт түрлөрү кезигет.