БАБА ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАБА ТИЛ, н е г и з т и л ‒ тектеш тилдердин жалпы негизи деп эсептелген жана анын эзелтен жашап өткөндүгү болжолдонгон эӊ байыркы тил (мисалы, жалпы орус баба тили; жалпы славян баба тили; жалпы урал-алтай баба тили; жалпы алтай баба тили ж. б.). Тескерисинче, тил илиминде тилдердин бир тектен таралыш теориясын колдобой, бара-бара чачыраган тилдик көрүнүштөрдүн топтолушунан пайда болгон деген болжолдуу көз караш да бар.

Б. Ө. Орузбаева.