АМАРАНТ
АМАРАНТ, ш и р и ц а (Amarantus) – өсүмдүктөрдүн амаранттар тукумунун уруусу. Негизинен бир жылдык чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат, жумуртка сымал же сүйрү. Гүлү демейде, бир жыныстуу, гүл жандагычы редукцияланган, татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү – майда жаңгакча. Амаранттын 60тай түрү дүйнөнүн жылуу жана мелүүн алкактарында таралган. Амарант АКШнын түштүк-батышы жана Мексикада өтө көп түрдүү. Көбүнчө кызыл амарант, куйруктуу амарант же түлкү куйрук айдоолордо кезигет жана кээ бир түрүн байыркы заманда Борбордук жана Түштүк Америкада дан өсүмдүгү катары (уругу белокко бай) өстүрүлгөн. Индейцтердин негизги азыгы болуп эсептелген жана религиялык шаан-шөкөттөрдө маанилүү ролдо болгон. Амаранттын уругунун азыктуулугу жогору жана өстүрүлүшү жөнөкөй болгондуктан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кээ бир түрү, мисалы, көгүш амарант жана үч түстүү амарант Түштүк жана Чыгыш Азияда жалбырактуу жашылча өсүмдүгү, ошондой эле, амаранттын көпчүлүк чоң, ачык түстүү гүлдүү сорттору кооз өсүмдүк катары өстүрүлөт.