АЛЕКСАНДР II
АЛЕКСАНДР II (17. 4. 1818, Москва ‒ 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) ‒ Россиянын императору (1855‒81). Николай Iнин тун уулу. 1861-жылы крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, цензура, шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыӊдалган. 1863‒64-жылдары Польшадагы көтөрүлүштү баскан соӊ, Александр II революционерлерге, либералдык жана земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. Александр IIнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), Орто Азиянын айрым (1865‒81) аймактары каратылган. 1860-жылы август айында полковник А. Э. Циммермандын отряды кокондуктардын чеби Токмок менен Пишпекти талкалагандан кийин падышалык Россия Кокон хандыгын жок кылуу аракетине киришет. Батыш Сибирь генерал-губернатору (1851–1860) Г. Х. Гасфорт Александр IIнин учурундагы орус аскеринин мындай жеңиштерин байыркы замандагы Александр Македонскийдин (б.з.ч. 356–б.з.ч. 323) Орто Азияга жасаган жортуулдарына (б.з.ч. 329–б.з.ч. 326) салыштырып, эки императордун ысымына байланыштуу Кыргыз Ала-Тоосун «Александр кырка тоосу» деп өзгөртүүнү сунуштаган. 1860-жылдын 21-октябрында Россия империясынын аскер министри (1856–1861) Н. О. Сухозанет бул сунушту колдоп, 1862-жылы орус аскер топографтарынын Пишпек чебинен Мерке чебине чейинки түшүрүлгөн картада «Александр кырка тоосу» деген географиялык аталуу пайда болгон. 1926-жылы Кыргыз АССРинин түзүлүшү менен Кыргыз Ала-Тоосу деген өзүнүн адепки аталышы кайра калыбына келтиирлген.1865-жылы Россия империясы Ташкентти басып алган соӊ, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген жана жергиликтүү элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. Жергиликтүү калкты Россия империясына баш ийдиргендиктин белгиси катары 1867-жылы Александр II менен жолуктуруу үчүн атайын кыргыз, казак, өзбек элдеринен 10 киши делегация дайындалган. Алардын ичинде кара кыргыздардын уруу башчыларынын бири, орус бийлигинен капитан чинин алган Байтик Канаев (кара: Байтик баатыр) болгон. 1867-жылы 26-мартта Александр II аларды Санкт-Петербург шаарындагы Кышкы сарайда салтанаттуу түрдө кабыл алып, Байтикке өз колу менен III даражадагы Ыйык Станислав орденин жана каухар чөгөрүлгөн алтын шакек тапшырган. 1877-жылы Россия Балкандагы таасирин бекемдөө жана славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия менен согуш баштаган. Александр II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-жылы 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.