АЙТЫКЕ Козубек уулу
АЙТЫКЕ Козубек уулу (болжол менен 1816-жыл, Жумгал өрөөнү, Суусамыр жайлоосу – 1887-жыл) – акын, кыргыздын улуу муундагы классик акындарынын бири. Оозеки маалыматтарда Жантай Карабек уулу ага жар чакыртканы айтылат. Замандаштары атактуу Чоңду (кытай уруусу) Балыкооз, Музооке, Арстанбек, Солтобай, Эсенамандар менен катар чыккан. Айтыкенин ырчылыгын Токтогул жогору баалап,«үнү бийик заңкылдап», «булбул тилдүү шаңкылдап», «комузунун башында күмүшү бар жаркылдап», «пейли жумшак кебездей» деп сыпаттаган. Комузчулук, жомокчулук, нускоочулугу жагынан да артыкча таланттуу болуп, бир топ акындарды тарбяилаган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун Колжазмалар фондунда «Балык менен Айтыкенин айтышынын» бир нече варианты, ошондой эле «Айтыкенин Чоңдуга айткан насааты», «О кудай ай, кудай ай», «Ким жакшы», «Тойбойт», «Чоңдунун Айтике менен саламдашуусу» сыяктуу ырлары сакталып турат. Ал ырлары акындын санат-насыят, терме ырларын жогорку чеберчиликте айткандыгын айгинелейт.
Ад.: Залкар акындар. 4-т. Музооке, Айтыке, Коргол, Эшмамбет /А.Акматалиевдин редакциялоосунда. Б., 2006; Муратов А. Такталбаган Токтогул (адабий-тарыхый изилдөө). Б., 2014.