«АНСАБ АС-САЛАТИН ВА ТАВАРИХ АЛ-ХАВАКИН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
07:14, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АНСАБ АС-САЛАТИН ВА ТАВАРИХ АЛ-ХАВАКИН» («Султандардын ата-теги жана хандардын тарыхы») – Кокон хандарына арналган молдо Мирза Алимдин тарыхый эмгеги. Эмгек эмир Тимурдун (1336–1405) заманынан 1875-жылдарга чейинки мезгилди камтыйт. Бирок 1840-жылдарга чейинки маалыматтарды Бабур, Мирхонд, Аваз Мухаммад Аттар сыяктуу ж.б. авторлордон кыскача, үзүл-кесил түрдө пайдаланып, негизинен Миң династиясынын бийликке келишин «актоого» жасаган аракети байкалат. Натыйжада көптөгөн жаңылууларга жол берилген, ал эми анын негизги бөлүгү автордун өзү күбө болгон окуяларга арналып, ушул мезгилди камтыган белгилүү эмгектерде (мис., «Мунтахаб ат-таварих») жок айрым фактылар жолугат. Өзгөчө Шераалынын такка отурушу (1842), Нүзүп бийдин ордодогу бийликке келип-кетиши, ич-ара араздашуулар, Иса-бек менен Абдылда-бектер башчылык кылган Кокондогу 1851–52-жылдардагы көтөрүлүш, Мала хан (1858–62), Султан Сайид хан (1863–66), Кудаяр хан (1844–58; 1862–63; 1866–75) тушундагы айрым окуялар башка тарыхый булактарда сейрек кездешет. Бул эмгекке алгач 1913-жылы тарыхый маалыматтарды жыйноо үчүн атайын Ферганага келген  А. 3. Валидов көңүл буруп, кыскача баяндама жасаган. Кийинчерээк «Ансаб-ас салатин» кененирээк изилденип, айрым окумуштуулар (мис., Т. Кененсариев, Р. Набиев ж.б.) кеңири колдонушкан. Аталган эмгек Кокон хандыгынын тарыхы, анын ичинде кыргыздардын тарыхын окутууда өтө маанилүү булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Ансаб-ас салатин. //Набиев.Р. Н. Из истории Кокандского ханства (Приложения).Таш.,1973; Бабаджанов. Б. М. Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио–Ташкент, 2010.