АБИЛОВ Болот Арипович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:04, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИЛОВ Болот Арипович (1963-жылы туулган, Фрунзе шаары) – педиатр, медицина илимдеринин доктору (2002). И.К. Ахунбаев атн. КММИни (1986), СССР Педиатрия ИИИнин аспирантурасын (1919) бүтүргөн. Эмгек жолун КММИде балдардын инфекциялык оорулар кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган. КРдин саламаттык сактоо министрлигинин лицензия-аккредиттөө комиссиясынын төрагасынын орун басары; И. К. Ахунбаев атындагы КММИде кафедрада профессор, факультеттин деканы; КРдин саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик – жеке өнөктөштүк боюнча консультант. Анын 111ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монография, 4 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Основы менеджмента в здравоохранении: методические пособие ( в соавт.). – Б., 2014. -146 с.; К теоритечским основам государственного регулирования системы здравоохранения //Современные тенденции развития науки и технологий: Сб. науч. Ү1.тр. по мат.1 междунар. науч-практ. конф. – Часть 1Ү.– Белгород, 2015.– С. 40-45.