БАТУН ПИЯЗЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:05, 14 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАТУН ПИЯЗЫ (Allium) – көп жылдык, жалбырагы түп пияздыкындай, көңдөй, кескен кезде илешкээк ширеси куюлат. Түп пияздыкындай түбү чоң болбойт, цилиндр сыяктуу, сүйрү келген карандаштын көлөмүндөй пияз түптөр пайда болот. Өлкөсү Кытай, кээде кытай, татарка, кышкы, кумдак пияз деп да аташат. Бул пияз суукка, үшүккө чыдамдуу, кардын астында кыштап, эрте жазда кар кетери м-н жаңы жалбырактар өсүп, улам жыл өткөн сайын түптөрү көбөйүп, ар бир түптө өзүнчө жалбырактар пайда болушуп, бир айдын ичинде кесип жегенге жарап калат. Үрөнү, өркүнү 2–30С де өнүп, өсөт, оптималдык температура 10–180С, өтө жогорку температурада, өзгөчө нымдуулук жетишсиз болсо, жалбырактар бат катып, картайып, даамын жоготот. Жакшы багылып бардык агротехника сакталган учурда, жайы бою жаңы жалбырактар өсүп, аларды улам кесип турганга жарайт.