ГРУЗИЯНЫН тарыхына кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 9 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

2004-жылдагы кезексиз президенттик шайлоодо шайлоочулардын 96,3% М. Саакашвилиге добуш беришкен. 2004-жылы 28-мартта президенттин жарлыгына ылайык парламенттик шайлоо болуп, анда президентти колдогон "Бириккен кыймыл - Демократтар" саясий тобу Грузиянын парламентиндеги 235 орундун 135ин жеңип алып, ийгиликке жетишкен. 2005–06-жылдары Грузияда укук коргоо органдарын бекемдөөгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга багытталган бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Грузиянын жаңы өкмөтү АКШ менен саясий жана аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү, ошондой эле Грузиянын НАТОго кирүү жолун белгилеген. 2008-жылы август айында Түштүк Осетияда куралдуу кагылышуу болуп, натыйжада Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиядан өз алдынча бөлүнүп чыккан. РФ Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. 2013-жылы шайлоодо Саакашвили Гиоргий Маргвелашвилиге утулуп калган. Грузиядагы 2018-жылдын 28-октябрында президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңип чыккан. Грузия дүйнөнүн 180 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Грузиянын тышкы саясаты НАТОго жана ЕСке кирүүгө багытталган.